Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/13 «Жазуучу Ө.Даникеевдин эстелигин орнотуу жөнүндө» токтому
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 2/13
Жазуучу Ө.Даникеевдин эстелигин орнотуу жөнүндө
Кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, коомго сиңирген эмгегин даңазалоо жана келечек муундарга үлгү катары калтыруу максатында, Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Жар айылынын Термечикова көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайында Ө. Даникеевдин эстелигин орнотуу боюнча У. Даникеевдин арызын карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Жар айылынын Термечикова көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайына Ө. Даникеевдин эстелигин орнотууга макулдук берилсин;
2. Эстеликтин долбоорун даярдоо, каржылоо булактарын кароо, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү уруксаттарды алуу Ө. Даникеевдин жакын туугандарына тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Ж. Султанбеков |