Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин 2026 – жылдын 28-октябры № 65 «Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026 – жылдын 28-октябры № 65
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу № 426 – контурда жайгашкан “Карьер” участогундагы жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып , Шаар куруу жана архитектура департаментинин Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 08-сентябрындагы № 788 – шаар куруу корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39 беренелерине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Орто-Кайыңды айыл аймагына караштуу № 426 – контурда жайгашкан “ Карьер” участогундагы 1046,0м2 анын ичинде ( № 1 жер тилкеси 782,0м2, № 2 жер тилкеси 264,0м2 ) жер тилкесинин максаттуу багытын айыл чарба багытындагы эмес жерлерден турак жайы ( чабандын үйү ) менен фермердик чарба жүргүзүү үчүн жер тилкесине өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.М. Мырзагелдиев |