ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги «Жумгал айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражаттарын жылдыруу (кайра бөлүштүрүү) жөнүндө» №1-1 токтому .

Редакция17.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ I СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 17-апрели  №1-1

 

 Жумгал айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражаттарын жылдыруу (кайра бөлүштүрүү) жөнүндө

 

       Жумгал айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетинин натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу жана кечиктирилгис социалдык-чарбалык маселелерди чечүү максатында, Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жумгал айыл өкмөтүнүн "Иш-чаралар" кызмат көрсөтүү беренесине бөлүнгөн жалпы 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатынан төмөнкүдөй тартипте кайра  (жылдырылсын):

a.    50 000 (элүү миң) сому – Жумгал айылынын тургун Муратбекова Медина Тенизбековнага жардап ирээтинде соц тармагына 2721 беренесине жылдырылып ооруп жаткан Муратбекова Медина Тенизбековнага жардамга жумшалсын.

b.    70 000 (жетимиш миң) сому М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин трансфарматору жараксыз абалга келгендигине байланыштуу трансфарматордун ремонту үчүн жана трансфарматорду жүктөп келүү жеткирүү орто мектептин 2215 беренесине жылдырылып жумшалсын.

c.    Эл каттоодон калган 30 000 (отуз миң) сому М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин – ТП (трансформаторун) майын алып куйууга жумшалсын.

2.    жалпысынан ТП ремонту жана жол чыгымдары майы үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом жылдырылып жумшалсын.

3.    Бул токтомду Жумгал Финансы башкармалыгына алып баруу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

     4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Түгөлбековго жүктөлсүн.

     5.Каттоодон ѳткѳрүү жагы, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары Жоопту катчы Э.Сайпидиновго жүктѳлсүн.

 

Токтом каттоодон ѳткѳн күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

  

Төрайым

Б. Мусаева