Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/16 «Кара-Сакал айылынын тургуну З.Егембердиеванын арызын кароо жөнүндө» токтому
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 2/16
Бишкек-Күнтуу-Шопоков автоунаа жолунун капиталдык ремонт, кеңейтүү иштерине байланышуу, Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылындагы “Прогресс” багбанчылыгынын кароолчу үйү бузулуп, сүрдүрүлгөнүнө байланыштуу, ошол үйдө туруктуу жашап келген Кара-Сакал айылынын тургуну Замира Егембердиеванын арызын карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Сакал айылынын тургуну Замира Егембердиевага турак жай салуу үчүн ылайыктуу жер тилке табылып калса, мыйзам чегинде карап берүүгө макулдук берилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Ж.Ж. Султанбеков |