ТоктомКүчүндө

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/17 «Мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруу жөнүндө» токтому

Редакция25.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/17

 

Мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруу жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагындагы жаштардын жана балдардын дене тарбиясын өнүктүрүү, сергек жашоого калыптандыруу жана калк үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү максатында, Кызыл-Туу айылындагы Сазбак-Ата көчөсүнүн күн чыгыш тарабында мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын куруп берүү боюнча Сазбак-Ата көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кызыл-Туу айылындагы Сазбак-Ата көчөсүнүн күн чыгыш тарабында мини футбол аянтчасын жана балдар аянтчасын курууга  макулдук берилсин;

2. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн, айыл өкмөтүнүн жер адистери  тиешелүү жер тилкесин  жана аянтын  тактоого милдеттендирилсин;

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков