ТоктомКүчүндө

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-майындагы № 2/19 «Муниципалдык базар ачуу жөнүндө» токтому

Редакция25.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-майы № 2/19

 

Муниципалдык базар ачуу жөнүндө

 

Күнтуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жана ишкердикти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланып жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Күнтуу айылынын (Быстроток) жактан №315 контурунда аянты 0,5га жер тилкесине, №316 контурунда аянты 0,7га жер тилкесине муниципалдык базар ачуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Күнтуу айыл кеңеши токтом кылат:

1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылындагы (Быстроток) жактан №315 контурунда аянты 0,5га жер тилкесине, №316 контурунда аянты 0,7га жер тилкесине муниципалдык базар ачууга макулдук берилсин;

2. Муниципалдык базардын ишин уюштуруу, башкаруу жана документтештирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага 

 

Ж.Ж. Султанбеков