ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы «Жумгал айыл аймагынын, айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 11-февралындагы №2-2 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №4-1 токтому

Редакция17.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ IV СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 17-июлундагы  №4-1.

 

  Жумгал айыл аймагынын, айылдык Кеңешинин  2026-жылдын 11-февралындагы №2-2 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Жумгал айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетинин натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу жана кечиктирилгис социалдык-чарбалык маселелерди чечүү максатында, Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 11-февралындагы №2-2 токтомуна төмөндѳгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

§  Жумгал айыл өкмөтүнүн “Лама ФАП” документин бүтүрүү үчүн кызмат көрсөтүү беренесине бөлүнгөн жалпы 200 000 (эки жүз миң) сом.

§   Жумгал айыл өкмөтүнө Кантрактык негизде кызматкер алууга бөлүнгөн 573000 (беш жүз жетимиш үч миң ) сом.

§   Ваканттык 5 ай бош турган   Мамлекеттик сатып алуулар жана айдоочуга бөлүнгөн эмгек акылары 164 000 (жүз алтымыш төрт миң) сом.

§  Социалдык чегерүүлѳрдѳн 102 845 (жүз эки миң сегиз жүз кырк беш) сом.

    Эмгек акы беренесиндеги жана социалдык чегерүүлѳрдѳн пайдаланылбай калган акча каражаттары жалпы 839 845 (сегиз жүз отуз тогуз миң сегиз жүз кырк беш) сом акча каражаттары төмөнкүдөй тартипте кайра  (жылдырылсын):

·         363 000 (эки жүз алтымыш үч миң) сому – Жумгал айыл аймагынын ички көчөлөрүнө шагыл кум төгүү үчүн  2215 беренесине жылдырылып  “Жумгал өнүгүү муниципалдык ишканасынын счетуна которулуп жумшалсын.

·         104 000 (жүз төрт миң) сому М.Өмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектебинин от жагуу бөлүгүндө  жараксыз абалга келген моторун алууга 3112 беренесине жылдырылып которулуп берилсин.

·         202 845 (эки жүз, эки миң, сегиз жүз кырк беш) сому Жумгал райондук Токой чарбасына 2215 беренесине коюлуп которулуп жумшалсын.

·         100 000 (жүз миң) сому Лама айылдык мончосун оңдоп чыгууга материал алууга мурунку суммасына кошулуп материал алууга 2222 беренесине коюлуп жумшалсын.

·         100 000 (элүү миң) сому Аркандай документ бүтүрүүгө 2215 беренесине коюлуп жумшалсын.

·         100 000(жүз элүү миң) сому Маданий иш чараларга 2215 беренесине коюлуп жумшалсын

·         60 000 (алтымыш миң) сом Жумгал айылдык Маданиятына аппаратура алууга 3112 беренесине коюлуп жумшалсын.

·         10 000 (он миң) сом  “Азамат алтын балалык” бала бакчасына Микротик алууга 2222 беренесине коюлуп жумшалсын.

2. Жалпысынан 1 039 845 (бир миллион отуз тогуз миң сегиз жүз кырк беш) сом жылдырылып жумшалсын.

Токтом Юстиция  Мининстрлигинин  Сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы

А.Түгөлбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева