Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы «Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» №4-2 токтому.
ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-сентябрындагы №4-2.
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө.
"Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрдү көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу" №502 токтомун жетекчилике алып, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Жумгал айылдык кеңеши, токтом кылат:
1."Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу" №502 токтомдун жобосуна негиз Жумгал айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19- августундагы №502 токтому менен бекитилген брондоо тартиби жол-жоболорун жөнгө салуу максатында көмүү жайларын брондоо, брондоо келишими,көмүү жайларынын реестри, көмүү жайларын брондоонун наркын эсептөө, брондоонун суммасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Түгѳлбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын. 5. Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б. Мусаева |
2026-жылдын 14-сентябрь №_____
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын
брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
№____ токтомуна 1-тиркеме
Көмүү жайларын брондоонун наркын эсептөө
Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К,
мында:
БН - брондоонун наркы,
ЭК - административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн - 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар - 750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар - 500 (беш жүз).
К - маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти.
Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
- жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
- суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
- дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. 1 жылга көрүстөнгө көрктөндүрүүгө жана күтүүгө 2000 сом;
Брондоонун мөөнөтү 10 жыл;
10 жылга 2000 сомду көбөйтүү менен 20000 сом;
Формулага ылайык (БН 75000+20000 95000 сом) брондоонун суммасы 10 жылга 95000 сом. Кошумча кызматты көрсөткөн маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат жок болгондуктан, брондоонун наркы
750 эсептик көрсөткүчтү түзөт (500 эсептик адистештирилген кызмат бар болсо)
БН ЭК-К =95000 сом
Кеңештин жооптуу катчысы: Э.Сайпидинов