Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы «Жумгал айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» №5-1 токтому.
ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 2-октябрындагы №5-1.
Жумгал айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгы менен аныкталган 2026-жылдын 18-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо IV Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына жарандарды шайлоо боюнча Жумгал айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн
2. Жумгал айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 30 адамдан түзүлсүн.
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарындагы жарандарды шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча 7 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Жумгал айылынын Мыскал Ѳмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2026-жылдын 24-октябрында саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Б. Мусаева |
Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-октябрь 2026-жылдагы №5-1 токтомуна №1 тиркеме
Жумгал айыл аймагынын калктуу конуштарын
бөлүктөргө бөлүү ченемдери
- Жумгал айылы;
- Чоң-Дѳбѳ айылы;
- Лама айылы,
Жооптуу катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-октябрь 2026-жылдагы №5-1 токтомуна №2 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери
№ | Жыйындын өткөрүү орду | Өткөрүү убактысы | Жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери | Жооптуулар
|
1 | Жумгал айылы, М.Ѳмүрканова мектеби | 2026-жылдын 8-9-10-октябрь саат 10.00 | 10 жаран 7 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
2 | Чоң-Дѳбѳ айылы айылдык клуб | 2026-жылдын 8-9-10-октябрь саат 10.00 | 10 жаран 7 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
3 | Лама айылы, Лама айылдык клубу | 2026-жылдын 8-9-10-октябрь саат 10.00 | 10 жаран 7 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
Жооптуу катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-октябрь 2026-жылдагы №5-1 токтомуна №3 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси:
1.Жумгал айылынын ѳйдѳкү участогу боюнча жооптуу-У.Касымбеков Н.Сабырбек кызы
2. Жумгал айылынын ыйдыйкы участогу боюнча жооптуу- Ш.Турсунова, Б.Мусаева
3.Лама айылы боюнча жооптуу- С.Абдырасулов, С.Дѳѳлѳткелдиев.
4.Чоң-Дѳбѳ айылы боюнча жооптуу—М.Акматов, Н.Жумашова.
Жооптуу катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-октябрь 2026-жылдагы №5-1 токтомуна №4 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
-Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Мусаева Бурул –комитеттин төрагасы;
- Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн орун басары-жооптуу катчысы-комитеттин катчысы Э.Сайпидинов;
Мүчөлөрү:
-Айыл өкмөтүнүн соц.адиси- Т.Жолоева
-Айыл башчы-Т.Шарипканов
-Айыл башчы-К.Эрикбек уулу
-Демилгелүү топ- А.Шамбекова
-Социалдык кызматкер- А.Кудабек уулу
Жооптуу катчы: Э.Сайпидинов
Жумгал айыл аймагынын айылдык
Кенешинин кезексиз Ⅴ
сессиясынын 2-октябрь 2026-жылдагы №5-1 токтомунун №5 тиркемеси
Жумгал айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүлүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Жумгал айылы | Жумгал айылынын Мыскал Ѳмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектеби | 24.10.2025-ж саат 11.00
| Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Жооптуу катчы: Э.Сайпидинов