ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 769 «Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакция19.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-ноябры № 769

Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө

ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду

өткөрүү жөнүндө

 

Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттердин ишинин тартибин өркүндөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнө туура маалымдоону камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо, ошондой эле көрсөтүлгөн субъекттерди эсепке алуу жана каттоо механизмин апробациялоо максатында, «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоор (мындан ары – пилоттук долбоор) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 11 айлык мөөнөткө өткөрүлсүн.

2. Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:

1) пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

2) пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча анын натыйжаларына баалоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо жана эсепке алуу механизмин мындан ары колдонуунун жана өркүндөтүүнүн же токтотуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштар менен берсин. 

5. Авиациялык билеттерди брондоону, тариздөөнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттер ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Авиациялык билеттерди брондоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди каттоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобонун 9-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү деп белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 88 (3848) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев