Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 138 «Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-ноябры № 138
Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш
берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын 18-ноябрындагы № 13-025/26786 сунушунун, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-ноябрындагы № 13 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн 74 шайлоо участогу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзсүн жана бекитсин, аларды түзүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын эске алсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-ноябрындагы № 89 (3849) саны менен жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Л. Х. Луровага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 138 токтому менен бекитилген |
2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн шайлоо участокторунун
тизмеси
№ | Өлкө/шаар | УШКнын номери | Шаар, дипломатиялык өкүлчүлүк, дареги |
Россия Федерациясы | |||
1. | Москва | 9015 | Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64, 4-бет (КРнын РФдагы Элчилиги) |
2. | Москва | 9017 | Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 62, 1-бет (КРнын РФдагы Элчилиги) |
3. | Москва | 9016 | Москва шаары, Мир пр., 119, 4-бет (ВДНХ) |
4. | Москва | 9084 | Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7, 5-бет (ЭСКММ өкүлчүлүгү) |
5. | Краснодар | 9053 | Краснодар крайы, Краснодар шаары, Красноармейская көчөсү, 53-үй |
6. | Воронеж | 9022 | Воронеж облусу, Воронеж шаары, Республиканская көчөсү, 5 |
7. | Нижний Новгород | 9031 | Нижегород облусу, Нижний Новгород шаары, Варварская көчөсү, 32 |
8. | Калуга | 9083 | Калуга облусу, Калуга шаары, Ленин көчөсү, 51 |
9. | Хабаровск | 9021 | Хабаров крайы, Хабаров шаары, Калинин көчөсү, 50 |
10. | Красноярск | 9003 | Краснояр крайы, Краснояр шаары, Мир проспекти, 132 |
11. | Иркутск | 9007 | Иркут облусу, Иркутск шаары, Декабрские события көчөсү, 107а |
12. | Владивосток | 9004 | Приморский крайы, Владивосток шаары, Аврора көчөсү, 10, “Дредноутъ” ББ, |
13. | Южно-Сахалинск | 9013 | Сахалин облусу, Южно-Сахалинск шаары, Мир көчөсү, 2б/5-үй |
14. | Новосибирск | 9010 | Новосибирск шаары, Семьи Шамшиных көчөсү, 30 |
15. | Новосибирск (кошумча участок) | 9093 | Новосибирск шаары, Карл Маркс проспекти, 35/1
|
16. | Санкт-Петербург | 9002 | Санкт-Петербург шаары, Набережная реки Фонтанки көчөсү, 50 |
17. | Мурманск | 9097 | Мурманск шаары, Софья Перовская көчөсү, 21А |
18. | Казань | 9026 | Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 |
19. | Набережные Челны | 9098 | Набережные Челны шаары, Ш. Усманов көчөсү, 5 |
20. | Екатеринбург | 9009 | Екатеринбург шаары, Щорс көчөсү, 54а, 5-офис |
Түркия Республикасы | |||
21. | Анкара
| 9036 | Гүнеш бульвары, Галип Эрдем көчөсү, 25-үй, Йылдыз/Оран району, Анкара |
22. | Анталья
| 9056 | Муратпаша району, Гүзелоба кичи району, «Докторлар Сайтеси» турак жай комплекси, Барыналар бульвары, № 138 үй |
23. | Аланья | 9081 | Анталья провинциясы, Алания шаары, Махмутлар району, Барбарос көчөсү, 30/Б-үй |
24. | Стамбул
| 9035 | Стамбул шаары, Таксим, Ламартин көчөсү, 7 |
25. | Бурса
| 9079 | Бурса шаары, Осмонгази району, Тузпазары, Жумхуриет көчөсү, № 128, 204-кеңсе, 2-кабат |
26. | Измир
| 9080 | Измир шаары, Карабалар району, Фахреттин Алтай кичи району, Митхатпаша көчөсү, № 1201/A |
Казакстан Республикасы | |||
27. | Астана | 9028 | Астана шаары, Кыз Жибек көчөсү, 28/3 |
28. | Караганды
| 9064 | Караганды облусу, Караганды шаары, Шахтёрлор проспекти, 64 (Караганды облусунун Казакстан элдери Ассамблеясынын “Достук үйү”) |
29. | Алматы | 9027 | Алматы шаары, Луганский көчөсү, 30а |
30. | Алматы (кошумча участок) | 9065 | Алматы шаары, “Egemen compani” курулуш компаниясынын “Достук” ЖКнын адм. имараты (Шоссенин Түндүк алкагы – 92/10) |
31. | Тараз | 9066 | Тараз шаары, КЭА “Достук үйү” - Төлебий пр., 23б. |
32. | Шымкент | 9067 | Шымкент шаары, КЭА “Достук үйү” – Желтоксан көчөсү, 9/4 |
Өзбекстан Республикасы | |||
33. | Ташкент | 9025 | Ташкент шаары, Тахир көчөсү, 10 |
34. | Анжыян | 9043 | Анжыян шаары, Амир Тимур проспекти, 26 |
Америка Кошмо Штаттары | |||
35. | Вашингтон
| 9034 | Кыргыз Республикасынын Элчилиги, Массачусетс-авеню (түндүк-батыш), 2360, Вашингтон шаары, Колумбия округу, 20008 |
36. | Нью-Йорк
| 9054 | «KG Union Inc.» уюмунун кеңсеси, 6-Брайтон көчөсү, 3014, Бруклин, Нью-Йорк шаары, Нью-Йорк штаты, 11235 |
37. | Филадельфия | 9074 | «Фор Пойнтс бай Шератон Филадельфия Норт-Ист» мейманканасы, Рузвельт бульвары, 9461, Филадельфия шаары, Пенсильвания штаты, 19114 |
38. | Чикаго | 9055 | Кыргыз коомдук борбору, Түндүк Арлингтон-Хайтс жолу, 1114, Арлингтон-Хайтс шаары, Иллинойс штаты, 60004 |
39. | Сан-Франциско | 9076 | Сан-Франциско аймагы - Олд-Каунти жолу, 601, Сан-Карлос шаары, Калифорния штаты, 94070 |
Корея Республикасы | |||
40. | Сеул | 9042 | Сеул шаары, Чонно-гу, Джахамун-ро 125-12 (Чхонгун-дон 53-57). |
41. | Инчхон | 9068 | Инчхон шаары, Ёнсу-гу, Нынходэ-ро 193. |
42. | Тэгу
| 9070 | Кёнсан-Пукто провинциясы, Кёнсан шаары, Хаянг-ып, Камасиль-гиль 50 |
Италия Республикасы | |||
43. | Рим | 9033 | Рим шаары, Виа Клитунно 2, 00198 |
44. | Кальяри | 9057 | Кальяри шаары, Рома көчөсү, 145, 09124 |
45. | Неаполь | 9062 | Неаполь шаары, Джузеппе Гарибальди аянты, 91, 80142 |
Германия Федеративдүү Республикасы | |||
46. | Берлин | 9029 | Берлин шаары, Отто-Зур-Аллее көчөсү, 146, 10585 |
47. | Франкфурт
| 9030 | Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттиги, Брённерштрассе көчөсү, 20, 60313 |
Кытай Эл Республикасы | |||
48. | Пекин
| 9040 | Пекин шаары, Чаоян району, Сяоюньлу көчөсү, 18-үй, “Цзинжунь Шуэйшан Хуаюань Бешу” комплекси, H10/11 |
49. | Гуанчжоу
| 9041 | Гуанчжоу шаары, Тяньхэ району, Цзиньсуй көчөсү, 62-үй, 1101-кв., № 3 жай |
Бириккен Араб Эмираттары | |||
| |||
50. | Абу-Даби
| 9051 | Абу-Даби шаары, Доктор Мохамед Саид Аль Бади Аль Дахери көчөсү, 5 (181-көчө) |
51. | Дубай | 9044 | Дубай шаары, Аль Рас, Грин Тауэр имараты, 1204- |
Башка өлкөлөр | |||
52. | Австрия | 9032 | Вена шаары, Инвалиденштрассе, 3/8 |
53. | Чехия | 9060 | Прага шаары, Островни көчөсү, 126/30, 110 00, Прага 1. |
54. | Словакия | 9061 | Братислава шаары, Милетичова көчөсү, 3/А, 821 08. |
55. | Польша
| 9000 | Варшава шаары, Иерусалим аллеясы, 65/79, 00-698, «Варшава Президентал Отель» мейманканасы |
56. | Улуу Британия | 9038 | Лондон шаары, Глостер Плейс көчөсү, 90. W1U 6HS |
57. | Беларусь | 9023 | Минск шаары, Старовиленская көчөсү, 57 |
58. | Литва | 9069 | Вильнюс шаары, Раугиклос көчөсү, 25 |
59. | Венгрия | 9058 | Будапешт шаары, Эндроди Шандор көчөсү, 49/А , 1026 |
60. | Бельгия | 9037 | Брюссель шаары, де л-Аббаи көчөсү, 47 |
61. | Франция | 9047 | Париж шаары, Фландрин бульвары, 42 |
62. | Швейцария | 9039 | Женева шаары, Авеню Блаң көчөсү 51, 1202 |
63. | Сауд Аравия Королдугу | 9045 | Эр-Рияд шаары, Аль-Сафарат району, Амр Аль-Дамри көчөсү, № 6575 |
64. | Кувейт | 9046 | Эль-Кувейт шаары, Сурра району, 6-блок, 13- көчөсү, № 34 |
65. | Катар | 9050 | Доха шаары, Зона-66, Вилла 4, 545-көчө |
66. | Египет
| 9073 | Каир шаары, № 323 Вилла, Аль-Наргес району, 6, Аль-Нуман бин Амр көчөсү, Бешинчи конуш, Египет |
67. | Азербайжан
| 9012 | Баку шаары, Башир Сафароглу көчөсү, 133 (“SatPlaza” бизнес борбору, 16-кабат) |
68. | Тажикстан | 9024 | Душанбе шаары, Саид Носиров көчөсү, 56а |
69. | Түркмөнстан | 9011 | Ашхабад шаары, Гарашсызлык, 17 |
70. | Малайзия | 9048 | Куала-Лумпур шаары, 10-кабат, Жалан Тун Разак көч., 346 |
71. | Пакистан | 9049 | Исламабад шаары, № 12, 33-көчө, F-8/1 сектору |
72. | Индия | 9008 | Нью-Дели шаары, Д-2/2, Васант Вихар, 110057 |
73. | Япония | 9019 | Токио шаары, Минато-ку, Мита 1-5-7 |
74. | Монголия | 9071 | Улан-Батор шаары, Жамьян Гун көчөсү, 9, ICC Tower |