ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы «Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө» №5-5 токтому.

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 2-октябрындагы  №5-5.

 

 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияалары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын  резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Жумгал айыл аймагынын айылдык кеңеши: токтом кылат:

 

1.  Жумгал аймактык  шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.

 

2.  Жумгал аймактык  шайлоо комиссиясынын  резервине Шаршекеева Калиман, Сагынбай кызы Таалайкүл, Сыдыкбекова Кундуз, Кубанычбек уулу Нурлан, Үсѳйүн кызы Клара  талапкерликтери  сунушталсын. 

 

3. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук комиссиясынан суралсын.

 

4.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “https://zhumgal-ao.gov.kg/” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Бул   токтомду  аткаруу жагы  Жумгал айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы А.Түгѳлбеков  милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева