Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-ноябрындагы № 815-VIII «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 815-VIII
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун
2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген (2026-жылдын 21-майындагы чыг. № 18-6376) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-ноябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8611 расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| М.А. Маматалиев |