ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы «Жумгал айыл аймагынын Лама айылындагы жалпы билим берүү мектебине профессор Сабыр Аттокуровдун атын ыйгаруу жана Жумгал айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы №4-3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» №5-6 токтому

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 2-октябрындагы  №5-6.

 

 Жумгал айыл аймагынын Лама айылындагы жалпы билим берүү мектебине профессор Сабыр Аттокуровдун атын ыйгаруу жана Жумгал айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы №4-3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

        

          Жумгал айыл аймагында туулуп, өлкөнүн билим берүү жана илим тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү кыргыз тарыхчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сабыр Аттокуровдун (1932–2005) илимий-педагогикалык эмгектерин жана коомдук ишмердүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Лама жалпы билим берүү мектебинин мугалимдер жамаатынын 2026-жылдын 22-сентябрындагы №05 чогулушунун протоколун карап чыгып, Жумгал айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Жумгал айыл аймагынын Лама айылындагы жалпы билим берүү мектебине көрүнүктүү окумуштуу, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Аттокуров Сабырдын ысымы ыйгарылсын.

 

2. Баштапкы негиздөөчү документтердин (мектеп жамаатынын протоколунун) жоктугуна жана кайрадан каралгандыгына байланыштуу, Жумгал айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы «Жумгал айыл аймагынын Лама айылындагы жалпы билим берүү мектебине СССРдин мал өндүрүү боюнча чебери, Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты Шаршекеев Жүкүндүн атын ыйгаруу жөнүндө» №4-3 токтому жокко чыгарылсын жана күчүн жоготту деп табылсын.

 

3. Лама жалпы билим берүү мектебине профессор Сабыр Аттокуровдун атын ыйгаруу боюнча тиешелүү документтерди белгиленген тартипте даярдоо, бекитүү жана Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4. Бул токтом макулдашуу жана бекитүү үчүн Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнө жиберилсин.

 

5.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “https://zhumgal-ao.gov.kg/” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева