Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-ноябры № 834-VIII «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 834-VIII
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, М.А. Маматалиев, А.М. Кудайбердиев, У.К. Жаанбаев, Г.М. Баатырова, А.А. Козуев, Ж.А. Эгенбердиева, Э.К. Тайгараева, Ж.Б. Абиров, А.А. Ахмедова, У. Карыбек уулу, Н.Т. Торобекова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| М.Маматалиев |