Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 18-ноябрындагы № 831-VIII «2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026–2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-ноябры № 831-VIII
«2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026–2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 30-октябрындагы чыг. № 25-13699) «2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы 2026–2028-жылдар мезгилине каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8630 расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| М.А. Маматалиев |