ТоктомКүчүндө

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы №31 «Раззаков шаарынын аймагындагы көчөлөргө ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жөнүндө» токтому

Редакция16.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХ1 сессиясы

2026-жылдын 16-сентябры № 31

Раззаков шаарынын аймагындагы көчөлөргө ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жөнүндө

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын аймагындагы көчөлөргө ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши буйрук кылат:

                                                   

  1. Раззаков шаарынын көчөлөрүндөгү кооптуу деп эсептелген жерлерине Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн көрсөтмөсүндө көрсөтүлгөн жерлерге ылдамдык тепкичтерин (лежачий полицейский) орнотуу боюнча Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган сметасына ылайык акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
  2. Көчөлөрдөгү кооптуу участкаларын аныктап, Лейлек РИИБнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жасалма жол дөңсөөсүн (лежачий полицейский) орнотуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына милдеттендирилсин;
  3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
  5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                   

    Төрага                                                                                                                                         С.А.Саматов