ТоктомКүчүндө

Раззаков шаардык кенешинин 5-октябрындагы №32 «Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө» токтому.

Редакция05.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (жетинчи чакырылышы) кезектеги ХХII сессиясы

2026-жылдын 05-октябры № 32

Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгын аткаруу жана Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61,62-беренесине, 2023-жылдын 24-июлундагы №146 “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1 протоколу менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Раззаков шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйыны 2026-жылдын 24-октябрь күнү саат 10-00 гө Лейлек райондук маданият үйүнө чакырылсын.
  2. Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги (жарандардын жыйындарын өткөрүү убактысы жана өтүүчү жери, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны, жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча бөлүнгөн бөлүктөргө карата бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана жана жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык Кеңештин депутаттарынын тизмеси) №1 тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин. (Тиркеме №1).
  3. Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №2).
  4. Жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык жактан камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясынын жетекчилигине жүктөлсүн жана каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
  5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.                    

    Төрага                                                                                                                                         С.А.Саматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                          Раззаков шаардык Кеңешинин кезектеги

                                       XXII сессиясынын  2026-жылдын

                                       05-октябрындагы №32 токтомуна тиркеме №1

 

Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жыйындарын өткөрүү 

ГРАФИГИ

 

№

А.А.А.

 Калктын саны

Коомдоштуктар-

дын жыйынына өкүл   көрсөтүү нормасы (саны)

Жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу депутаттар.

Өткөрүлүүчү жери жана өткөрүү датасы

 

Уюштуруучулар

1

Ак-Босого

990

4

А.Б.Токтошев

Ү.А.Кундузов

Жыйындар залы. 08.10.2026ж

Саат 10-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

2

Самат

2719

12

А.Б.Токтошев

Ү.А.Кундузов

Самат ат.о/м 08.10.2026

Саат 11-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

3

Чымкен

3280

15

А.Т.Канзаманов

Ж.Б.Тиллаев

Т.Жапаров ат.о/м 08.10.2026ж

Саат 13-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

4

Ак-Булак

1019

5

И.А.Юсупов

 

Ак-Булак о/м 08.10.2026ж

Саат 14-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

5

Тайлан

1692

8

Р.Г.Шамуров

Р.М.Пусурманов

Тайлан о/м 08.10.2026ж

Саат 15-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

6

Алтын-Бешик

1884

9

С.Ш.Жаназаков

К.К.Камчиев

К.Казиев ат. о/м 08.10.2026ж

Саат 16-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

7

Раззаков 1

4914

21

Д.С.Худайназаров

У.Б.Кундузов

Г.С.Кузиева

Амир Темур ат.о/м 09.10.2026ж

Саат 10-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

8

Раззаков 2

3324

15

С.А.Туракулов

С.А.Илашов

Д.Х.Туракулова

№4 гимназия мектеби 09.10.2026ж

Саат 11-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

9

Раззаков 3

3601

17

Д.С.Худайназаров

С.А.Туракулов

Исфана о/м 09.10.2026ж

Саат 13-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

10

Раззаков 4

5874

25

М.У.Алимбаев

Ж.Х.Ганиева

К.Т.Курбанов

А.Навои ат. о/м 09.10.2026ж

Саат 14-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

11

Раззаков 5

4317

19

К.Т.Курбанов

Э.Н.Набиева

А.А.Халилов

Ыссык-Көл о/м 09.10.2026ж

Саат 15-00

Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы.

 

Жалпы саны

33614

150

 

 

 

 

             

 

 Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: А.У. Аблакулова

 

 

                                                        

           

           Раззаков шаардык Кенешинин кезектеги XXII сессиясынын

           2026-жылдын 05-октябрындагы №32 токтомуна тиркеме №2

 

 

Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

 

1.    Саматов Санжарбек Анаркулович-              Раззаков шаардык Кенешинин төрагасы,    

                    жумушчу топтун төрагасы;

2.    Аблакулова Акмөөр Умаралиевна-              Раззаков шаардык Кенешинин жооптуу   

              катчысы, жумушчу топтун катчысы;

3.    Кузиев Олимжон Умаралиевич-                   Раззаков шаардык Кенешинин депутаты,    

                      жумушчу топтун мүчөсү;

4.    Абдираимов Мыктыбек Абдирашитович-  Раззаков шаарынын мэриясынын                  

                                                                         кызматкери, 

                     жумушчу топтун мүчөсү;

5.    Камчыбекова Сонунбу Мырзашовна-         “Активист” коомдук бирикмесинин 

                     жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү. 

 

 

 

 

 Раззаков шаардык

 Кенешинин жооптуу катчысы:                               А.У. Аблакулова