ТоктомКүчүндө

Кең-Суу айылынын сүт багытында асыл тукум мал чарбасын уюштуруу үчүн №255-0, 38 га жайыт жери, №256-0,18 га бадал жери жана №257- 0,14 га жайыт жерин жалпы 0,70 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө токтому

Редакция24.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жылдын  __________________  №_______                

 

Кең-Суу айылынын сүт багытында асыл тукум мал чарбасын

уюштуруу үчүн №255-0, 38 га жайыт жери, №256-0,18 га бадал жери жана №257- 0,14 га жайыт  жерин жалпы   0,70 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга  (трансформациялоо)  макулдук берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 24-беренесине таянып,  токтому менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жетекчиликке алып, Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши    токтом кылат:

 

1.Кең-Суу айылынын  асыл тукум мал чарбасына сүт багытында  мал  чарбасын уюштуруу үчүн  №255-0, 38 га жайыт жери, №256-0,18 га бадал жери жана №257- 0,14 га жайыт  жерин  жалпы 0,70 га жер аянтын  айыл чарба багытындагы  желерин курулуш алдындагы жерлер түрүнө  которууга  (трансформациялоо)  макулдук  берилсин.

2.Каркыра айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин өзгөртүү боюнча тиешелүү документтер толук даярдалып, мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү органдарга киргизилсин.

3.Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон  өткөрүү жооптуу катчыга   милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин Айыл чарбасы, жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                        С.А. Жангабылов