ТоктомКүчүндө

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августундагы №14 «2026-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция03.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII- сессиясы

 

2026-жылдын 3-августу № 14

2026-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин жана

социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын                   (мындан ары - СЭӨП) 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчетун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. 2026-жылдын 6 айлыгына карата жергиликтүү бюджеттин жана СЭӨП нын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле СЭӨП да белгиленген иш-чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

Тѳрага

А.Имаров