ТоктомКүчүндө

Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому

Редакция24.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

 

 

                      КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

                                АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин ХХIX чакырылышынын 18  сессиясы

 

 

 

 

Т О К Т О М  

 П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

  2026-жылдын 18-ноябры ­­­­­­­­­­­ №154             

 

Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген бюджетине айрым  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

    Каркыра айыл аймагынын 2026- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша боюнча айрым өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин XXIX чакырылышынын 18  сессиясы токтом кылат:

 

1.    Каркыра айыл өкмөтү 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше салыгы боюнча 5000,5 ( беш миллион беш жүз миӊ) сомго көбөйүшүнө байланыштуу  Каркыра айыл окмөтүнүн  2026- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

            Анын ичинен: 

-        1604,9 мин сом акча каражаты айыл аймактын мектептеринин,  бала бакчаларынын, техникаларынын милдеттүү камсыздандыруусуна   бөлүнсүн.

-        720,0 мин сом акча каражаты “Биримдик” муниципалдык ишканасына  кышкы кызматтарды аткарууга бөлүнсүн.

-        300,0  миӊ сом акча каражаты Каркыра айыл өкмөтүнүн мектеп, бала бакчаларынын көмүрканаларына  видеокөзөмөл орнотууга бөлүнүп берилсин.

-        70,0 мин сом акча каражаты Т. Сыдыкбеков атындагы орто мектебине смарт коӊгуроо орнотууга  бөлүнсүн.

-        105,0 мин сом акча каражаты “Керемет” бала-бакчасына жылыткычтарды сатып берүүгө бөлүнсүн.

-        200,0 мин сом акча каражаты Санташ айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга  бөлүнсүн.

-        232,0 мин сом акча каражаты Кен-Суу айылында жаны ачылган китепканасына эмеректерди сатып бергенге бөлүнсүн.

-        70,0 миӊ сом акча каражаты Сары-Тологой айылына көпүрө (асбест труба) сатып бергенге бөлүнсүн.

-        100,0 миӊ сом акча каражаты М.Темиров атындагы орто мектебине музыкалык аппаратура сатып бергенге бөлүнсүн.

-        30,0 миӊ сом акча каражаты Корумду айылындагы тренажер залына жылыткыч сатып бергенге бөлүнсүн.

-        30,0 миӊ сом акча каражаты Муканов мектебине видеокөзөмөл орнотууга бөлүнүп берилсин.

-        50,0 миӊ сом акча каражаты Ичке-Суу, Корумду айылдарына көпүрө орнотууга бөлүнүп берилсин.

-        300,0 миӊ сом акча каражаты сметчик, технадзор жалдаганга бөлүнүп берилсин.

-        479,0 мин сом акча каражаты “Керемет” бала-бакчасына видеокөзөмөл орнотууга бөлүнсүн

-        250,0 мин сом акча каражаты шайлоо участокторун чарба буюмдары менен камсыздаганга бөлүнсүн.

-        227,3 мин сом акча каражаты “Көөчү-Наристе” бала-бакчасына эмерек, чарба  буюмдарын сатып алууга бөлүнсүн.

-        264,0 мин сом акча каражаты мектептердин тушуна жол белгилерин орнотууга  бөлүнсүн.

-        90,0 мин сом акча каражаты Чон-Таш айылынын спортзалына инвентарь сатып бергенге бөлүнсүн.

-        70,0 мин сом акча каражаты “Көл-Төр” бала-бакчасына  чарба буюмдарын сатып бергенге бөлүнсүн

-        250,0 мин сом акча каражаты Өмүр Баатыр орто мектебинин кире беришине чатырча орнотууга  бөлүнсүн.

 

2.    Токтомдун аткарылышы  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге жүктөлсүн.

              

    

  Каркыра айылды

кеӊешинин төрагасы:  С.Жангабылов