ТоктомКүчүндө

Каркыра айыл аймагынын 2026 - жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому

Редакция24.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

Каркыра  айылдык  кенешинин ХХIX чакырылышынын 18 сессиясы

 

 

 

Т О К Т О М  

П О С Т А Н О В Л Е Н И Е

2026-жылдын  18-ноябры  ­­­­­­­­­­­ №156              

 

Каркыра айыл аймагынын 2026 - жылга бекитилген бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

   Каркыра айыл аймагынын 2026 – жылга  бекитилген бюджетине айрым ѳзгѳртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча  айыл өкмөтүнүн долбоорун  карап  Талды - Суу айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын  18 –  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Каркыра айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгү 687,0 (алты жүз сексен жети миӊ) сомго көбөйгөндүгүнө байланыштуу Каркыра айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге тапшырылсын.

 

            Каркыра айылдык 

            кенешинин төрагасы                         С.А. Жангабылов