ТоктомКүчүндө

Корумду айылынын Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебине тиешелүү жер тилкесине мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө токтому

Редакция24.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра  айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясынын

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  __________________  №_______                    

 

Корумду айылынын Марат  Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебине тиешелүү жер тилкесине мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын курууга макулдук берүү   жөнүндө

 

Каркыра айыл аймагына караштуу Корумду айылынын Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебине тиешелүү жалпы аянты 6043,58 чарчы метр жер тилкесинде мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын куруу маселеси  боюнча айыл тургундарынын балдарын  мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын 111 жана 113-беренелерин, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14-беренесин   жетекчиликке алып, айылдык кеңеш    токтом кылат:

 

1.Корумду айылындагы Айша н/ж идентификациялык номери

2-05-10-1004-0220 Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебине тиешелүү жалпы аянты 22521.49 чарчы метр жер тилкесинин   6043,58 чарчы метр жер тилкесине мектепке чейинки билим берүү  мекемесинин имаратын курууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомду  массалык-маалымат   каражаттарына жарыялап, Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы боюнча Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү  жооптуу катчыга   милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин Айыл чарбасы, жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                          С.А. Жангабылов