ТоктомКүчүндө

Ак-Турпак айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №27 «Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө» токтому

Редакция28.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ- сессиясы

 

2026-жылдын 28-сентябры № 27

            Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине максаттуу багытта келип түшкөн акча каражаттарын тиешелүү багыттары боюнча өздөштүрүү жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагынын “Миң-Чынар айылындагы эс алуу багынын алдындагы Бишкек көчөсүндө жашылдандырылган 85 түп ийне жалбырактуу арча көчөттөрдүн айланасын темир тосмо тосуу менен арыктарды иретке келтирип жана эс алуу багынын алдына отургучтарды орнотуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн, Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тараптан келип түшкөн 89 200 (сексен тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты максаттуу багыты боюнча жумшалсын.

2. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына Электро-лабо (электро унаа) сатып алуу үчүн, КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен келип түшкөн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты максаттуу багыты боюнча жумшалсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы                                  Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

Тѳрага

А.Имаров