ТоктомКүчүндө

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 6-июлундагы № 11/9 «Чүй-Суу-канал» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына баалардын (тарифтердин) тизмесин бекитүү жөнүндө жана мурунку токтомун жоготту деп таануу» токтому

Редакция06.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 6-июлундагы № 11/9

 

«Чүй-Суу-канал» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына баалардын (тарифтердин) тизмесин бекитүү жөнүндө жана мурунку токтомун жоготту деп таануу

 

«Чүй-Суу-канал» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына баалардын (тарифтердин) тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү менен макулдашылган баалар тизмесин, ошондой эле «Чүй-Суу-канал» МИ мүдүрү А.А. Изаковдун 2026-жылдын 2-июлундагы № 187-жылдагы кайрылуусун карап чыгып, Чүй айыл аймагынын калкын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу менен камсыздоо объектилерин эксплуатациялоо жана тейлөө чыгымдарын жабуу, ошондой эле муниципалдык ишкананын ишинин финансылык-экономикалык туруктуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 37-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына таянып, Чүй айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасы тарабынан Чүй айыл аймагынын аймагында көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына баалардын (тарифтердин) тизмесин ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашылган тарифти бардык категориялардын ичүүчү суу үчүн 10,4 сом (куб метри) өлчөмүндө бекитилсин. Менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөргө, бюджеттик уюмдарга бекилген тарифке 3,0 коэффициенти колдонулсун, тарифи 31,2 сом (куб метри) өлчөмүндө бекитилсин..

3. «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасынын мүдүрү А.Изаковго керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдү бекитилген баалар тизмесине ылайык жүргүзсүн, абоненттерди тарифтин өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында кабардар кылууну камсыз кылсын.

4. Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №10/2 “Кыргызжылуулук” мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү “Кристалл” ишканасы филиалынын суу менен камсыз кылууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө, токтому күчүн жоготту деп танылсын.

5. Бекитилген тариф 1-августтан тартып күчүнө кирсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов