ТоктомКүчүндө

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 9/15 «Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакция12.03.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 12-мартындагы № 9/15

Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө

 

А.Исмаиловдун 2026 – жылдын 16 – февралындагы кириш 01-8/2 катынын негизинде, Чүй айылынын Бурана көчөсүнүн № 8б дарегиндеги жайгашкан 111 чарчы метр жер тилкесинин берилген материалдарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21 – беренесине, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айылынын Бурана көчөсүндө №8б жалпы аянты 111 чарчы метр жер тилкеси Чүй айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок –Чүй филиалында белгиленген тартипте жер тилкесин мөөнөтсүз (жер тилкесине пайдалануу мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдалануу укугуна мамлекеттик актысын алуу жана жер тилкесинин баасын көз карандысыз балоочу тарабынан балоо иштеринин жүргүзүлүшү, аны муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а А.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы А.Айтиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов