ТоктомКүчүндө

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №18 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө» токтому

Редакция24.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы

2026-жылдын 24-июлу №18

 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө

 

Раззаков шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

                                                   

  1. Раззаков шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу маселеси көңүлгө алынсын.  (Маалымат тиркелет)
  2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  Төрага                                     С.А.Саматов

 Раззаков шаардык Кеңешинин

       2026-жылдын 24-июлундагы     

         № 18 токтомуна тиркеме

 

 

Раззаков шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) натыйжалуу пайдалануу

 

Раззаков шаарынын мэриясы, 2026-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин Раззаков шаарынын аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу үчүн 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом каралып, бүгүнкү күндө Раззаков шаарынын мэриясы менен Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча Сүлүктү-Лейлек филиалы тарабынан эки тараптуу келишим түзүлүп иш алып барылууда. Жогорудагы маалыматка ылайык ар бир контур боюнча мамлекеттик акт жасалса айыл чарба жерлерин үнөмдүү пайдалануу максатында жеринен аныктоо, (инвентаризация) тактоого мүмкүнчүлүк пайда болот.

  Ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдалануусу менен ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бердирбөө ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга үгүттөө жана ошондой эле жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөсүнө көзөмөл жүргүзүү күчөтүлөт.

Жогорудагы аталган аткарылуучу иштер Раззаков шаардык кеңеши тарабынан атайын бекитилген комиссия курамындагы депуттардын катышуусунда сарамжалсыз пайдаланып келинген жерлерди аныктоо менен мындан ары кароосуз калган жерлерди сарамжалдуу пайдалануу үчүн тийиштүү иш аракеттер алып барыларын билдирет.

 

               

Раззаков шаарынын мэриясынын

айыл чарба тармагы боюнча башкы адиси:       А.И.Садыков