ТоктомКүчүндө

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 10/6 «Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакция28.05.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 28-майындагы № 10/6 

Чүй айыл өкмөтүнүн балансына жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө

 

Чүй айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-майындагы № 03-25/703 расмий катын, ошондой эле Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 521-25 жер тилкесинин планын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык;

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айылынын М. Сансызбаев көчөсүнүн № 164 дарегиндеги турак үйгө жанаша жайгашкан, жалпы аянты 72,90 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси Чүй айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

2. Чүй айыл өкмөтүнүн тийиштүү жер адисине аталган жер тилкесин мыйзамда белгиленген тартипте баланска каттоого алуу жана тиешелүү укук белгилөөчү документтерин тариздөө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов