ТоктомКүчүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы «Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын «Калмак-Ашуу» участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө» №28/3 токтому

Редакция10.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 10-сентябры №28/3

 

 

Дөбөлү  айыл  аймагынын Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49  “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын айыл башчысы М. Байзаковдун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат: 

1.    Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49  “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Нарын-Орук-Там унаажолунун 43,4-45,0-чмы 1,600 чакырым аралыктарына асфальт төшөө жумуштарына карата Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерден инерттик материал (кум шагыл аралашмасын) алууга макулдук берилсин. 

2.    Нарын-Орук-Там унаа жолун асфальт төшөө жумуштары аяктагандан кийин Эки-Нарын айылынын “Калмак-Ашуу” участкасында жайгашкан карьерди рекультивация иштерин жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына тапшырылсын. 

3.    Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү  айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн  башчысы К.Кудайбергеновго  милдеттендирилсин.

 

 

    

Төрага:

 

Б. Шералиев