ТоктомКүчүндө

Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 24-июлундагы №23 «Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому.

Редакция24.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кенеши (жетинчи чакырылышы) кезектеги XX сессиясы

2026-жылдын 24-июлу № 23

 Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Раззаков шаарынын Ак-Булак айылынын Үлкөр көчөсүндө №8-03-04-1002-0010 идентификациялык кодунда жайгашкан жеке менчик турак жай багытындагы жер тилкесинде “Тарыхый күмбөз” аныкталгандыгына байланыштуу Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине каттоого алууга жана жогорудагы айтылган жер тилкенин ордуна Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасынан 600 чарчы метр жер тилкеси Тайлан айылынын тургуну Абдиманнанова Максатай Турдубаевнанын макулдугунун негизинде алмаштыруу боюнча Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин     

муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

       

 

  Төрага                                    С.А.Саматов