ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-январы № 19/III-29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук ишембилик күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 «Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө» буйругун жетекчиликке алып, маселени карап жана талкуулап, Жээк айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айыл аймагында көрктөндүрүү, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жээк айыл өкмөтүнүн башчысына жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 6-ноябрында https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D1%80%D0%B8%D1%8F/19-1-29%20%D0%BE%D1%82%2031.01.2025.pdf расмий сайтында жарыяланды
Айылдык кеңешинин төрагасы |
| К.К. Шаршеналиев |
Бул документте бөлүмдөр табылган жок.