ТоктомКүчүндө

Чүй айылдык кеңешинин 2026-жылдын 6-июлундагы № 11/7 «Жайыт жерлерин коргоо жана максатсыз пайдаланууга жол бербөө жөнүндө» токтому

Редакция06.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 6-июлундагы № 11/7

Жайыт жерлерин коргоо жана максатсыз пайдаланууга жол бербөө жөнүндө

 

Чүй айыл өкмөтүнө караштуу «Чүй Суу – канал муниципалдык ишканасынын» 2026-жылдын 29-майындагы катыңын негизинде жана Жайыт жерлерин коргоо жана максатсыз пайдаланууга жол бербөө жөнүндө Чүй айыл аймагынын аймагындагы жайыт жерлеринин аянтынын азайышын алдын алуу, экологиялык абалды жакшыртуу, мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Чүй айылдык кенешинин XXIX чакырылышынын 11-кезексиз отурумунун №11-протоколунун чечиминин негизинде Чүй айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл аймагынын балансындагы жайыт жерлерин кум шагыл аралашмасына (ПГС) таш иштетүүчү объекттерге берүүгө убактылуу чектөө киргизилсин.

2. Учурдагы жайыт жерлеринин сакталышын камсыз кылуу жана алардын аянттарын кыскартууга жол бербөө.

3. Жайыттарды максатсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча көзөмөл күчөтүлсүн жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы А.Айтиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Ы.Ысманов