Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-ноябрындагы № 781 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-ноябры № 781
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл»
биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү
тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө
«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын функциялык зоналаштырылышын тактоо, жаратылышты коргоо талаптарын сактоо менен мамлекеттик маанидеги «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Биосфералык аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта «2577995,38», «647000,62» деген цифралар тиешелүү түрдө «2572897,98», «652098,02» деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө жободо:
− 9-пунктта:
биринчи абзацта «2577995,38» деген цифралар «2572897,98» деген цифраларга алмаштырылсын;
3-пунктчада «319980» деген цифралар «315723,77» деген цифраларга алмаштырылсын;
6-пунктчада «607226,38» деген цифралар «606385,21» деген цифраларга алмаштырылсын;
таблицада «319980», «607226,38», «2577995,38» деген цифралар тиешелүү түрдө «315723,77», «606385,21», «2572897,98» деген цифраларга алмаштырылсын;
− 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Жалпы аянты 652098,02 га болгон өткөөл зона айыл чарба жерлерин жана өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлерди, калктуу конуштардын аймактарын, долбоорлонуп жаткан Асман экологиялык таза шаарынын аянтын, пансионаттардын аймактарын жана буфердик зонага кирбеген Ысык-Көл ойдуңунун калган аймагын, ошондой эле жалпы аянты 5 851,47 га болгон «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн каралган жер тилкелерин камтыйт, анын ичинде:
1) Боз-Учук – 945,92 га;
2) Ак-Булак – 1 345,00 га;
3) Жыргалаң (1-бөлүгү) – 1 624,26 га;
4) Жыргалаң (2-бөлүгү) – 1 936,29 га.
Өткөөл зонанын аянты төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га |
1 | Калктуу конуштардын жерлери | 15 613 |
2 | Асман экологиялык таза шаары | 3 143 |
3 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 575 316,93 |
4 | Жалпы таралган кендерге лицензия берилген аянттар | 34 772 |
5 | Мамлекеттик жер запасынын жерлери | 17 401,62 |
6 | Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери | 5 851,47 |
Жыйынтыгы | 652 098,02 | |
». | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте ушул токтомдо каралган өзгөртүүлөрдү тиешелүү жерге жайгаштыруу материалдарынын негизинде эки жумалык мөөнөттө «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын картографиялык жана эсепке алуу материалдарында чагылдырууну камсыз кылсын;
2) «Ысык-Көл» биосфералык аймагын коргоонун жана пайдалануунун белгиленген режимдеринин сакталышын камсыз кылсын;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга тиешелүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-ноябрындагы № 90 (3850) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |