ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-ноябры № 774 «Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды кайтарып берүү негизинде убактылуу алып коюу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция25.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-ноябры № 774

 

Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон

каражаттарды кайтарып берүү негизинде убактылуу

алып коюу тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды кайтарып берүү негизинде убактылуу алып коюу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев