Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 22-1
Жаңы-Базар айылына балдар бакчасын куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон, Чеч-Дөбө, Тескей-Кожеке, Күнгөй-Кожеке айылдарында балдар бакчасы бар. Учурда алар балдарга жакшы тарбия берип жатышат. Ал эми айыл өкмөтүнүн борбору Жаңы-Базар айылында балдар бакчасы жок болуп жаткандыгына байланыштуу айыл тургундары балдар бакчасын куруу үчүн жер ажыратып берүү боюнча атайын арыз менен айыл кеңешинин депутаттарына кайрылышкан. Ошол арызды канаттандыруу максатында айыл өкмөтүнө караштуу бош жерлерди издеп чыгып кийинки отурумга коюп чечип берүү жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылына балдар бакчасын куруу үчүн бош жерлерди издеп чыгып кийинки отурумдун күн тартибинде киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу бош жерлерди карап чыгуу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Эсеналиевге жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Юлдашевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |