Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 22-3
Ноокат районунун Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөрү » коэффиценти жана «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында № 231 кабыл алынган жаңы салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффицентин жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештин аймагында « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффицентин кабыл алуу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » клэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин.
3. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы калктын, мекеме ишканалардын топтогон таштандыларын алып чыгуу жыйымынын ставкалары бекитилсин жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл округунун туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысынын орун басары А.Юлдашевге милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |