Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы № 22-5
«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга айылдык бюджети жана 2015-2016 жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга каралган айылдык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолун бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутатардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « Экономика, бюджет ,соода жана ишкердүүлүк»
Боюнча туруктуу комиссиясы тарабынн каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 11171,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2014-жылга айылдык бюджеттин ирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2014-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тама-аш коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.
3. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2015-жылга 5102,0 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 6303,4 миң сом менен ) жана 2016-жылга 5415,0 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6334,6 миң сом менен) бекитилсин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоодо тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын 14-беренесинин 5-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
5. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 миң сом суммасында белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- Ченемдик укутук акылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
- Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо.
7. 2014-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча акарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо , алардын финансылык мамлекеттик каражатарды максатуу, сарамжалдуу пайдалнуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
9. Ноокат районунун 2013-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 32019,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 31157,3 миң сомго же кирешенин чыгашадан 862,1 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депутатардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча » туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |