Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 23-3
Актерек кѳчѳсγнγн атын алмаштыруу жѳнγндѳ
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Тескей-Кожеке айылындагы Актерек көчөсүндө жашап көп жыл элдик башкарма болуп иштеп жүрүп өтүп кеткен Матибаев Мусанын атына коюу боюнча ошол көчөдө жашаган айыл тургундары чогулуш өткөрүп көчөнүн атын Матибаев Муса деп өзгөртүү боюнча чогулуштун чечимин кабыл алышкан ошол чечимдин негизинде айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы Актерек көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун чечиминин негизинде Актерек атындагы көчөнүн аты Матибаев Мусанын ысымына ыйгарылып берилсин.
2. Матибаев Мусанын атында коюлган көчөнүн атын жаздырып, ар бир үй номерин жаңылап жазып көчөнү иретке келтирүү жагы Тескей-Кожеке айылынын айыл башчысы Р.Манасовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин депутаты М.Сыдыковго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |