Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 23-5
Подсоб көчөсүнө мечит куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылынын Подсоб көчөсүндөгү эски мечиттин ордуна жаңы мечит куруу үчүн айылдын жана Подсоб көчөсүнүн эли демөөрчүлөр аркылуу мечит куруу үчүн жыйын өткөрүшкөн. Ошол жыйындын протоколун чечиминин негизинде айыл кеңешине кайрылышкан. Ошол чечимди канааттандыруу максатында айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Подсоб көчөсүндөгү эски мечиттин ордуна мечит курууга макулдук берилсин.
2. Мечиттин чиймесин чийип берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Керектүү болгон иш кагаздарын өз убагында бүтүрүп берип каттоого алуу жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суоалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы Жар-Коргон айылынын айыл башчысы А.Айдосовго жүктөлсүн.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |