Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 23-6
«Мечит жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылынын тургуну Жапаров Рыскулдун өзүнүн жеке менчик тамарка жеринен 0,06 га жерге мечит куруу үчүн макулдугун берип, Таш-Күнгөй көчөсүнүн тургундары өздөрү демөөрчүлүк менен мечит салуу үчүн атайын жыйын өткөрүшүп, жыйындын протоколкунун чечиминин айыл кеңешинин депутаттарына сунушташкан. Ошол чечимди карап чыгып айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон айылындагы Таш-Күнгөй көчөсүнүн тургуну Жапаров Рыскулдун макулдугу менен өзүнүн жеке менчик жеринен 0,06 га жер аянтына мечит курууга макулдук берилсин.
2. Мечиттин чиймесин чийип берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Керектүү болгон иш кагаздарын өз убагында бүтүрүп берип каттоого алуу жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы Жар-Коргон айылынын айыл башчысы А.Айдсовго жүктөлсүн.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |