Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-августу № 26/3
«Иштелбей жаткан акча каражаттын беренелерин өзгөртүү»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бекитилген беренелерине кээ бири бүгүнкү күнгө чейин иштелбей жаткандыгын эске алып беренелерин өзгөртүү үчүн Айыл Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевдер жоопкерчилиги менен биргеликте Н.Исанов Айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бекитилген бюджеттин негизинде игтелбеген беренени башка иштете турган беренелерге жылдырууга макулдук берилсин.
- Республикалык бюджетке спорт залдын салымын кайтарууга бөлүнгөн 450,0 миң сом акча айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге жана айыл өкмөтүнүн резерв фондусуна семинар өткөрүү айыл өкмөтүнүн кеңсесин сырлоого, биометрикалык маалыматты тактоо үчүн жумшалсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып бару жагын бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |