Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-августу № 26/4
«Айыл өкмөтүнө караштуу 30,0 га чөп орунду жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 30,0 га чөп орунду жердин ижара акысын төлөмү арзан болуп жаткандыгына байланыштуу Айыл кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен 2014-жылга 1,0 га чөп орунду жердин ижара акысын 10,0 (он миң) сомдон нарк коюп 30,0 га чөп орунду жерге 300 (үч жүз миң) сом ижарага алган айыл өкмөтүнүн тургундарынан өндүрүлүп кассага кириштөө жөнүндө жана ошондой эле 2015-жылга карата айыл өкмөтүнө караштуу орто фондун 30,0 га чөп орунду жерин аукциондун негизинде жеңүүчүлөргө берүү жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу орто фондун 30,0 га чөп орунду жери 2014-жылга карата ижара акысын төлөмү арзан наркта төлөнүп жаткандыгына байланыштуу Айыл Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен 1,0 га чөп орунду жерге ижара акысы 10 он миң сомго төлөмүн жогорулатып, жатып 30,0 га чөп орунду жерге 300 үч жүз миң сом акча ижарачылардан өндүрүлүп айыл өкмөтүнүн кассасына кириштелсин.
- Айыл өкмөтүнүн экономикасын көтөрүү максатында орто фондун сулуу, кайрак чөп орунду жерлердин баасы 2015-жылга карата мөөнөтү бүткөн ижарачылардын жерин аукциондун негизинде жеңүүчүлөргө берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын Айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |