Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-августу № 26/5
«Мончо куруу боюнча»
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешине караштуу Күнгөй Кожеке айылынын тургуну Кадыров Шекербек Ысмаилович өзүнүн жеке менчик жерине мончо куруу үчүн айыл тургундары менен биргеликте макулдашып жыйын өткөрүп, чечим кабыл алышкан. Ошол жыйындын чечиминин негизинде Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл Кеңешине караштуу Күнгөй Кожеке айылынын тургуну Кадыров Шекербек Ысмаилович өзүнүн жеке менчик жерине мончо куруу үчүн макулдук берилсин.
- Жеке менчик мончонун чиймесин чийип керектүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Ноокат райондук курулуш башкармалыгынан суралсын.
- Ушул токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары М.Маматовго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |