Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-августу № 26/6
«Күнгөй Кожеке айылы жөнүндө»
Н.Исанов атындагы Айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Күнгөй Кожеке айылынын аты эскиден аталып жүрүп кийинки мезгилде Февров айылы деп аталып калып Статка катталып калгандыгына байланыштуу эскиден аталып жүгөн айылдын атын Күнгөй Кожеке деп аталышы жөнүндө Н.Исанов атындагы Айыл Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы Айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Күнгөй Кожеке айылынын эски аты Федров деп райондук Статка катталып жүргөндүгүнө байланыштуу айылдын эскиден аталып жүргөн Күнгөй Кожеке деп айтылсын.
- Н.Исанов атындагы Айыл кеңешинин токтомунун көчүрмөсү Ноокат райондук Статка берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын Күнгөй Кожеке айылынын айыл башчысы А.Алибаевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |