Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-ноябры № 28/2
«30,0 га чөп орунду жер» жөнүндѳ
Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши айыл өкмөтүнүн орто фондусуна караштуу 30,0 га чөп орунду жердин баасы келишимде аз болуп калгандыгына байланыштуу 2014-жыл чөптүн бир таңгагы 180-200-сом болуп жаткандыгын эске алып айыл өкмөтүнүн бюджетин жогорулатуу максатында 2014-жылдын 23-августундагы 26\4-токтомун ишке ашыруу тууралуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагында орто фонд 30,0 га чөп орунду жердин келишимде аз болуп калгандыгына байланыштуу 2014-жылдын 23-августундагы 26\4-токтому иш жүзүнө ашырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Сыдыковго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |