Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-марты № 15-2
Н.Исанов атындагы айылдык Округунун «2012-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планын» бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылдык Округунун атайын түзүлгөн жумушчу топтун иштеп чыккан «2012-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планын» негизинде Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап чыгып төмөнкүдөй чечим кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айылдык Округунун «2012-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планын» бекитилсин.
2. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Н.Исанов айылдык Кеңешине милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Колдошов |