Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № 16-1
«Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамдык мүчөлүккө талапкелдерди сунуш кылуу жөнүндө»
«Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын « Шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана таркатууну тартиби » жөнүндөгү шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнү жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү жоболрдун талаптарына ылайык Н.Исанов атындагы айылдык округунун Кеңешинин аймагында жайгашкан Тескей-Кожеке айылындагы А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин 2013-жылдын 24-июнундагы Жаңы-Базар айылынын Алике жамаатынын 2013-жылдын 28-июнундагы протоколунун негизинде өткөн жамаатынан сунуш кылынган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгү талапкерлерди талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлер сунуш кылган А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин окутуучусу Мамажунусова Гүлмиранын, Жаңы-Базар айылындагы Алике жамаатынын мүчөсү Осмонбаев Абдумомун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамы талапкерликке сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитп берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Колдошов |