Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июлу № 17-2
«Айыл өкмөтүнүн салыктары жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн салыктарды топтоо боюнча 6 айлык планы 102 % толгондугуна байланыштуу ага салык кызматкери М.Маматовду айыл Кеңешинин Ардак Грамотасына сунуштоо жөнүндө айыл Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 6 айлык салыктарын топтоо боюнча берилген тапшырмалар планы102 % толгондугун эске алып салык топтоодогу иштери кийинки айларга дем болуу үчүн айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушу менен айыл өкмөтүнүн ага салык кызматкери Маматов Маратбек Раимжанович айыл Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлансын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
С. Пазылова |