Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июлу № 18-3
«Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Кичик-Алай айылындагы көмүр кенинин иштерин тактоо жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Кичик-Алай айылындагы көмүр кенин казып жаткан жеке ишкерлердин көмүр кенине тийиштүү болгон кагаз иштерин текшерип чыгуу үчүн айыл Кеңешинин депутатарынын сунушу менен 3 кишиден турган комиссиянын курамын түзүп 10 күндүк мөөнөттө текшерип чыгуу үчүн төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депутаттарынан төмөнкүдөй комиссиянын курамы түзүлсү:
А) Чыдыков Маматали – комиссиянын төрагасы
Б) Карагозуев Максат – комиссиянын мүчөсү
В) Асанов Нурлан – комиссиянын мүчөсү
2. Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Кичик-Алай айылындагы көмүр кенинин иш кагаздарын тактоо үчүн 10 күндүк мөөнөт берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
С. Пазылова |