Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июлу № 18-4
«Мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын көрүү»
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депутаттары айыл округунун аймагындагы жайгашкан мектептерди жана окуу жылана карата ремонт иштерин текшерүү учурунда төмөнкүдөй болгондугуна байланыштуу Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык округунун аймагында жайгашкан 7 орто мектеп 1 башталгыч мектеп бар. Аларды айыл Кеңешинин депутатары жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерүү учурунда төмөнкүдөй болуп чыкты. Жар-Коргон айылында жайгашкан К.Жолдошов атындагы орто мектеби, Тескей-Кожеке айылында жайгашкан Кожеке орто мектеби, Байыш айылында жайгашкан Байыш орто мектептеринин ремонт иштери эң жакшы, сапаттуу бүтүргөндүгү белгиленсин.
2. Тескей-Кожеке айылында жайгашкан А.Чыңгараев Күнгөй-кожеке айылында жайгашкан Алтын-Казык орто мектебинин ремонт иштери бүткөн, бирок кээ бир класстарда парталар, олтургучтар коюлбагандыгы эске алынсын.
3. Чеч-Дөбө айылындагы А.Осмонов мектебинин Жаңы-Базар айылындагы М.Ломоносов мектебинин ремонт иштери жаңы окуу жылына толук даяр эмес экендиги белгиленсин жана август айынын 5-числоскна чейин бүтүрүү белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айылдык округуна караштуу Кожеке орто мектебинин окуу бөлүм башчысы С.Пазылованы айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйлоого сунушталсын.
5. Айыл округуна караштуу Кожеке , К.Жолдошов, Байыш орто мектептеринин жаңы окуу жылына карата ремонт иштери сапаттуу жана эң жакшы бүтүргөндүктөрүнө байланыштуу ар бир мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1500 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышсын.
6. А,Чыңгараев , Алтын-Казык орто мектептери жаңы окуу жылына карата ремонт иштери жакшы деген баа менен ар бир мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышсын.
7. Чеч-Дөбө айылындагы А.Осмонов мектебинин Жаңы-Базар айылындагы М.Ломоносов мектебинин ремонт иштери жаңы окуу жылына толук бүтпөй жаткандыгына байланыштуу 2013-жылдын 5-августуна чейин берилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин маданият, спорт, туризм, медицина боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
С. Пазылова |